Баткен шаарынын 25 жаштагы тургуну 2 ууру кыздын кылтагына илинди. Бул тууралуу шаардык ИИБдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 11-июнда «Айдарали» базарынан азиат улутундагы 2 кыз бир нерсе сатып алымыш болуп кутудагы 62 000 сомду уурдап кетишкен.
Соодагер арыз менен тиешелүү органдарга кайрылып, жыйынтыгында шектүү кыздар кармалышты. Алар Жалал-Абад облусунун 23 жана 22 жаштагы тургундары болуп чыкты.