Кабарчынын билдиргенине караганда, Дашөгүздө шекер менен ун өтө тартыш, аларды мамлекеттик дүкөндөрдүн текчелеринен дээрлик көрүүгө болбойт. Базардагы баалары болсо мамлекет тарабынан белгиленген баадан бир нече эсеге кымбат.
Алсак, аймактагы соода жайларында шекердин килограммынын орточо баасы 18-20 манатты (расмий курс боюнча 5-6 доллар), күрүчтүкү 13 манат, эттики 30 манатты түзөт. Андан тышкары аймакта жыл башынан бери жер-жемиштер, суусундуктар, өнөр-жай товарлары жана чет өлкөдөн келген азыктар кымбаттаган.
«Дашөгүздө дээрлик ун табууга мүмкүн эмес. Тургундар ун сатып алууга бир ай эрте кезекке жазылып жатышат. Бирок ун дээрлик алып келинбейт. Базарларда буудай жок, жүгөрүнүн килограммы 13 манатка чейин (расмий курс боюнча 4 долларга жакын) кымбаттады. Ун тартыштыгынан улам аймактагы наабайканалардын көбү жабылды», — деп билдирди кабарчы.
Анын билдиришинче, өнөр-жай товарларынын ичинен ширеңкенин баасы 14 эсеге жогорулаган. Жыл башында кутучасы 0,5 манаттан сатылып жаткан болсо, азыр анын баасы 7 манатты түзөт.