2010-жылы Ош окуясында кылмыш жасоого шектелип, издөөдө жүргөн киши кармалды

14:30, 21 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында 2010-жылдын 12-июнунда массалык башаламандыкта кылмыш жасоого шектелип, издөөдө жүргөн киши кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 31 жаштагы шектүү тургун 20-июнда колго түшүрүлдү. Ага карата Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексиндеги 28-97-берене (адам өлтүрүү), 233-берене (массалык башаламандык) жана 175-берененин (тарых жана маданият эстеликтерин, жаратылыш объекттерин атайылап жок кылуу) негизинде кылмыш иш козголгон.

Кармалган жаран Ош шаарынын аймагынан сырткары жерде жашынып жүргөн. Буга чейин анын эки шериги кармалган болчу.