18:32
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

№ 1 стоматологиялык ооруканасын ким менчиктештирген? Депутат кызыгууда

Депутат Аида Исмаилова укук коргоо органдарына кайрылып, Бишкектеги № 1 стоматологиялык ооруканасын жана № 1 Тез жардам медициналык борборунун унаа токтотуучу жайын кимдер менчиктештирип алганын иликтөөнү суранды.

Анын айтымында, № 1 стоматологиялык оорукана совет доорунда эле салынып, мамлекетке тийиштүү болуп келген. Бирок, жакында аны Медетов аттуу жаран сатып алганы маалым болду.

«Кандай негизде сатып алды? Ага ким жардам берди? Мен укук коргоо органдарынан иликтөөнү суранат элем. Бизде социалдык объекттерди менчикке чыгарууга каршы мыйзамдар бар», — деди ал.

Депутаттын билдиргенине караганда, Медетов аттуу жаран Тез жардам медициналык борборунун унаа токтотуучу жайын дагы менчикке өткөрүп алган.

Ал аталган аймакка 7 кабаттуу имарат салдырткан. Азыр тез жардам унаалары стоматологиялык оорукананын унаа токтотуучу жайын ээлеп турат. Объект Пушкин-Исанов көчөлөрүндө орун алган

Аида Исмаилова

Эң көп окулган жаңылыктар