Кыргызстандын курама командасы аялдар күрөшү боюнча эл аралык турнирге катышат

10:42, 21 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын курама командасы аялдар күрөшү боюнча эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Chine Open аталышындагы спорттук мелдеш 22-23-июнь күндөрү Кытайдын Тайюань шаарында өтөт. Ага Кыргызстандын атынан Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Марсбек кызы Назира катышат.

Балбан кыздарды жетектеп машыктыруучу Нурбек Изабеков бармакчы.