17:45
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Камакта отургандарга мунапыс. 285 киши эркиндикке чыгышы мүмкүн

Жогорку Кеңештин депутаттары адам укуктарынын жалпы декларациясынын 70 жылдыгынын урматына жана 1938-жылы болгон саясий репрессиянын курмандыктарынын элесине карата мунапыс берүүнү демилгелешүүдө.

Жазаларды аткаруу кызматынын маалыматына караганда, түзөтүү колонияларында 11 миң 160 киши отурат. Алардын ичинен 9 миң 285и соттолгондор, 1 миң 875 киши тергөөгө алынгандар.

Сунушталып жаткан мунапыска 4 миң 172 киши илинип, алардын 285и эркиндикке чыгышы мүмкүн.

Маалыматка ылайык, өспүрүмдөргө, биринчи жолу соттолуп 5 жылга чейин эркинен ажыратылгандарга, 60 жаштан жогорку эркектерге, жашы 55тен жогору аялдарга, 1-2-топтогу майыптарга, үй-бүлөсүн жалгыз баккандарга, экиден кем эмес жашы жете элек балдары же майып балдары барларга мунапыс берүү сунушталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар