«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Намаз окубаган киши Меккеге зыяратка барса болобу? Ага ажы макамы ыйгарылабы?
Жооп: Исламдын беш милдети — бул намаз, орозо, зекет, ажылык жана Калима Шахадат. Бул жерде зекет менен ажылыкты гана мусулман жеке мүмкүнчүлүгүнө жараша аткарат. Калгандарды милдет болуп саналат. Андыктан ажылыктан мурда намазды аткаруу зарыл.