Ош облусунун Кара-Суу районунда сел жүрдү

08:48, 21 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айылында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда сел Ак-Терек-Папан-Кожокелен унаа жолунун 40-чакырымын (Тарылга тилкеси) каптаган.

18-июнь күнү Баткен облусунун бир катар аймактарында сел жүрүп жол жана короолорду суу каптаган.