00:09
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кадамжай районунда айдоочу 4 жаштагы кызды койдуруп кеткен

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Жошук айылында унаасы менен 4 жаштагы кызды койдуруп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Кадамжай райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка таянсак, айдоочу «Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү унаасы менен кызды сүзүп алган. Жаракат алган наристе Кадамжай аймактык ооруканасына жеткирилген.

Окуя 19-июнда катталды. Аталган факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума