06:25
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Сот 17 килограмм баңгизат сактаган тургунду 5 жылга эркинен ажыратты

Түп райондук соту үйүнүн ичиндеги очокканага 17 килограмм баңгизат сактаган тургунду 5 жылга эркинен ажыратты.

Маалым болгондой, шектүү марихуананы өз алдынча чогултуп, кургаткандан кийин 40 литрлик канистрге сактап койгон.

Билдирүүгө ылайык, милиция тургундун үйүн тинтүү маалында баңгизатты таап алган.

Соттолуучу күнөөнү мойнуна алды. Анын айтымында, марихуананы өзү колдонуу үчүн кургаткан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума