Ыргал Кадыралиева: Депутат Сагындык Келдибаевдин кош жарандыгы бар

15:18, 20 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаев Орусиянын жарандыгын алган. Бул тууралуу маалымат жыйында мурунку депутат Ыргал Кадыралиева билдирди.

Анын айтымында, «Республика — Ата Журт» фракциясынын мүчөсү Сагындык Келдибаев азыркы күнгө чейин Орусиянын жарандыгын алып жүрөт.

«Мындан тышкары Орусиянын аймагында Сагындык Келдибаевдин наамына катталган бир канча фирма бар. Ал эми мыйзам боюнча депутат ишкерлик менен алектенбеши керек», — деди Ыргал Кадыралиева.

Фото

Эске салсак, депутат Сагындык Келдибаев 24-апрелде мандат алып ишке киришкен. Ал эми БШК төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун «24.kg» агенттигине берген маалыматына караганда, алар депутаттын жарандыгы тууралуу маалыматты компетенттүү органдардан текшеришкен.

Ал Орусиянын жарандыгынан 2012-жылы эле баш тартыптыр. БШКда буга тиешелүү тастыктоочу документтер бар. Болбосо ага мандат берилбейт эле

Абдыжапар Бекматов