14:04
USD 69.83
EUR 79.82
RUB 1.06

Ала-Букадагы мектеп окуучусун зордуктаган шектүү күнөөнү мойнуна алды

Жалал-Абал облусуна караштуу Ала-Бука районундагы мектеп окуучусун зордуктаган шектүү күнөөнү мойнуна алды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалым болгондой, 25 жаштагы кылмышка шектүү кылган иши үчүн өкүнүп жатат.

«Шектүүнүн жактоочусу сотко кайрылып, соттолуучунун 2-топтогу майыптыгы бар экендигин эске алып аны үй камагына чыгарууну өтүнгөн. Бирок, шектүүнүн оор кылмышка барганын эске алган сот аны 2 айга тергөө абагында калтырды», — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, аталган райондо мектеп окуучусун зордуктаганга шектүү делген тургунду милиция кармаган. Окуучу кыз кошунасыныкына экзаменге даярданыш үчүн кетип дайынсыз жоголгон. Кийинчерээк аны белгисиз бирөө зордуктаганы аныкталган.

Эң көп окулган жаңылыктар