11:04, 20 июня 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкекте тамак-аштан уулангандардын саны жыл сайын азаюуда. Бул тууралуу маалымат жыйында Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Артур Буюклянов билдирди.
Маалым болгондой, тамак-аштан уулангандар боюнча 2015-жылы −21, 2016-жылы —17 учур катталган.
«Тамак-ашка ууланган бейтаптар биздин борборго кайрылышат. Тез аранын ичинде кызматкерлер дарек боюнча барып, инфекция булактарын аныкташат. Ар бир киши өзүнүн ден соолугуна кам көрүүсү керек», — деди Артур Буюклянов.