Шумкарлар эркиндикте. Аңчылар эркинен ажыратылды

10:20, 20 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Камчаткада шумкарларга мыйзамсыз аңчылык кылган кыргызстандык 2 жаран кармалды. Бул тууралуу «Камчатка-информ» жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 29 жана 45 жаштагы кыргызстандыктар күнөөнү мойнуна алышты. Алар Орусияда Кызыл китепке кирген шумкарга мыйзамсыз аңчылык кылганын айтышкан.

Алдын ала алынган маалыматка ылайык, 2016-жылы июндан 11-ноябрга чейин уюшкан топ сатуу максатында 63 жапайы шумкарды кармашкан. Мамлекетке келтирилген жалпы чыгым 73 миллион рублди түздү.

Канаттуулар текшерүүдөн өткөндөн кийин эркиндикке кое берилди.

Сот кыргызстандык аңчыларды эки жарым жылга эркинен ажыратты.