Ош шаарында 1 жашар наристе сууга чөгүп каза болду

09:29, 20 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Ош шаарындагы Достук кичи районунда 1 жашар наристе сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бала каналдагы сууга кулап кеткен. Куткаруучулар наристенин сөөгүн алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришти.