2016-жылы КР Акыйкатчысына жалпысынан 15 миңден ашуун жаран кайрылып, 8 миң 640 киши юридикалык жардам алган. Бул тууралуу акыйкатчы Кубатбек Оторбаев Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитетинде отчет берип жатып билдирди.
Маалым болгондой, аталган институтка кайрылгандардын ичинен 3 миң 800 киши кат жүзүндө арызданышкан.
Акыйкатчынын айтымында, даттануулардын 70 пайызы сот жана укук коргоо органдарынын ишине, 2,1 пайызы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, 1,3 пайызы социалдык камсыздандыруу органдарына тиешелүү.