Жеңиш аянтында согушта курман болгондордун элесине арналып шам жагылат

09:13, 20 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине арналып шам жагылат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине «Ветерандар 365» коомдук фондунун координатору Зинаида Аликулова билдирди.

Маалыматка караганда, ыктыярчылар 1 миң 418 шамды колдонуп «Биздин эсибизде» деп жазышат. Эске салсак, каардуу согуш 1 миң 418 күнгө созулган.

«Жыл сайын көптөгөн өлкөлөрдө эл аралык акция салттуу түрдө өткөрүлүп келет. Биздин фонд 3-жолу уюштуруп жатат», — деди ал.

Кошумчалай кетсек, аталган акция 21-июнда өтөт.