19:08
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Ошто № 5 тергөө абагынын кызматкерлери соттолгон жарандан акча өндүрүшкөн

Ош шаарында №5 тергөө абагынын кызматкерлери соттолгон жарандан акча өндүрүшкөн. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

Маалыматка караганда, камакта отурган К.А.нын туугандары улуттук борборго кайрылып, системалуу түрдө акча талап кылуу фактыларын айтышкан.

«Соттолуучунун айтымында, абактын кызматкерлери акча гана өндүрүп албастан, күч колдонуп зордук-зомбулук көрсөтүшкөн. Учурда прокуратурага арыз жиберилди. Текшерүүдөн кийин кылмыш иши козголду», —деди Нурдин Сулайманов.

Эң көп окулган жаңылыктар