Айбек Калиев 13-августка чейин камакта болот

18:01, 19 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Улуттук энергохолдинг компаниясынын мурунку башчысы Айбек Калиев 13-августка чейин камакта болот. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Жогорку соттон билдиришти.

Маалым болгондой, анын жактоочусу үй камагына чыгарууну өтүнүүдө. Бишкек шаардык сотунун отуруму 21-июнда болот.

Эске салсак, Айбек Калиевге жемкорлук айыбы тагылууда.