15:19, 19 июня 2018, Бишкек - 24.kg
Мурунку экономика министри Темир Сариевди УКМК кайрадан суракка чакырды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине өздүк булактар билдирди.
Маалыматка караганда, мурунку аткаминер буга чейин Бишкек ЖЭБди модернизациялоо иштерине байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак берет.
Эске салсак, ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу 4 кылмыш иши козголуп, ага тиешеси бар делген энергетика тармагындагы 7 аткаминер камалган. Алардын арасында Улуттук энергохолдинг компаниясынын мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электрдик станциялар» ААКнын мурунку башкы директору Салайдин Авазов бар.
Мындан тышкары мурунку премьер-министр Сапар Исаков, мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовго жемкорлук айыбы тагылып, камакка алынышкан.