Түрк телеканалдары III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын түз эфирде көрсөтөт

15:07, 19 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Түрк телеканалдары III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын түз эфирде көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камиль Фырат биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен жолугушканда айтты.

Маалым болгондой, кызматташууга түрк маалымат агенттиктери дагы даяр турушат

«Анадолу» маалымат агенттигинин кабарчылар түйүнү дүйнөнүн дээрлик бардык жерлеринде бар. Биздин жаңылыктар дүйнөнүн 13 тилинде чыгат. Биз Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу ар кыл өлкөлөрдүн көп сандагы жашоочулары билишин каалайбыз

Женгиз Камиль Фырат

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну мындан аркы кеңейтүү маселелери талкууланды.