Кыргызстандык 2 спортчу кекушинкай-кан каратеси боюнча коло медалды багындырышты

14:55, 19 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык спортчулар кекушинкай-кан каратеси боюнча Азия чемпионатында 2 медалдын ээси болушту. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине кекушин будо-карате Федерациясынын башкы катчысы Николай Рагрин билдирди.

Маалыматка караганда, мелдеш Астана шаарында өтүп, ага 12 өлкөнүн спортчулары катышты.

Кыргызстандын атынан 7 спортчу ат салышып, аялдар арасында 60 килограммадан жогорку салмак категориясында Бегимжан Касымова коло медалды утуп алды. Ал эми эркектер арасында салмак категориясында Мирлан Үсөнгазиев коло медалдын ээси аталды.