14:55, 19 июня 2018, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандык спортчулар кекушинкай-кан каратеси боюнча Азия чемпионатында 2 медалдын ээси болушту. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине кекушин будо-карате Федерациясынын башкы катчысы Николай Рагрин билдирди.
Маалыматка караганда, мелдеш Астана шаарында өтүп, ага 12 өлкөнүн спортчулары катышты.
Кыргызстандын атынан 7 спортчу ат салышып, аялдар арасында 60 килограммадан жогорку салмак категориясында Бегимжан Касымова коло медалды утуп алды. Ал эми эркектер арасында салмак категориясында Мирлан Үсөнгазиев коло медалдын ээси аталды.