13:32
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Осмонбек Артыкбаевдин ден соолугуна байланыштуу «Тез жардам» чакырылган эмес

Депутат Осмонбек Артыкбаевдин ден соолугуна байланыштуу «Тез жардам» чакырылган эмес. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Осмонбек Артыкбаевге ден соолугуна байланыштуу «Тез жардам» чакырылды деген маалымат чындыкка дал келбейт.

«Осмонбек Артыкбаевдин абалы туруктуу. Эгер кокустан ден соолугу начарласа, өзүбүз жардам көрсөтөбүз. Буга чейин деле «Тез жардам» чакырылган эмес», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Буга чейин депутаттын жакындары тез жардам чакырылганын айтышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар