Ысык-Көл облусунда ажыга бара турган зыяратчылар 21-июнда эмдөөдөн өтүшөт

13:44, 19 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунда ажыга бара турган зыяратчылар 21-июнда эмдөөдөн өтүшөт. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, эмдөө иштери Каракол шаарында жүргүзүлөт.

Буга чейин менингит жана мезгилдик сасык тумоого каршы эмдөө 18-июлдан 29-июлга чейин жүргүзүлөт деп айтылып келген.

Кошумчалай кетсек, Ысык-Көл облусунан ажылык сапарга 87 киши барат.