Кыргызстанда райондор аралык соттор жоюлат

11:41, 19 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда райондор аралык соттор жоюлат. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, функцияларын райондук сотторго өткөрүп берүү менен райондор аралык сотторду жоюулат. Мындай чечим ушул жылдын 17-майында КР Президентине караштуу Соттук реформа боюнча кеңеш тарабынан кабыл алынган.