11:34, 19 июня 2018, Бишкек - 24.kg
Чүй облусуна караштуу Панфилов райондук соту пенсионер аялга курал-жарактарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн 20 миң сом айып салды.
Маалым болгондой, 28-мартта тартип сакчылары пенсионердин үйүндөгү чыгдандан 1 миңден ашуун калибр окторун, бытыра жана башка куралдарды табышкан.
Соттолуучу үйүндө сакталган курал-жарактардын бар экендигин билген эмес. Айтымында, анын атасы мергенчи болгон. Ошондой эле, ал курал-жарактар кимге таандык экендигин да билбейт. Анын пикиринде, атасына кимдир-бирөөлөр сактап бер деп бериши мүмкүн.