17:50, 18 июня 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкек-Ош жолунда унаа оодарылып кетип, 6 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка таянсак, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун четине чыгып кеткен. Натыйжада унаа оодарылып ичиндеги жүргүнчүлөр жабыркады.
Окуя 17-июнда Бишкек-Ош унаа жолунун 235-чакырымында болгон.