Баткен районунун Ак-Татыр айылында сел жүрдү

17:37, 18 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Бүгүн саат 16:40-17:00 чамаларында Баткен районунун Ак-Татыр айылында сел жүрдү. Бул тууралуу КР ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Ак-Татыр айыл аймагынын Рават айылында сел жүрүп, 15 үйдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорду каптады.