Айдоочулук күбөлүк психикалык жактан жабыркаган кишиге берилген

17:03, 18 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматы айдоочулук күбөлүктү психикалык жактан жабыркаган кишиге берилгендиги тууралуу фактынын бетин ачышты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалым болгондой, айдоочулук күбөлүктү Өзгөн жана Кара-Кулжа райондору боюнча унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин кызматкерлери мыйзамсыз беришкен. 2016-жылы кызматкерлер «ВС» категориясындагы күбөлүктү 2004-жылдан бери каттоодо турган психикалык жактан жабыркаган З.Д. аттуу жаранга беришкендиги аныкталды.

Аталган факты боюнча тергөө иши жүрүүдө.