19:25
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Премьер-министр Москвада жол кырсыгынан жабыркагандарды эс алууга чакырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Москвада жол кырсыгынан жабыркагандарды эс алууга жана реабилитациядан өтүүгө чакырды. Бул тууралуу өкмөт башчысы менен Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жолугушуусунда маалым болду.

«16-июнда, Москва шаарынын борборунда биздин мекендешибиз Чыңгыз Анарбек уулу унаа менен жөө жүргүнчүлөрдү коюп кеткен. Жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен бир нече адам, анын ичинде футбол күйөрмандары жабыркаган. Бул абдан өкүнүчтүү бирок, атайын жасалган жок», — деди өкмөт башчы.

Ал Кашкар Жунушалиевге Россия Федерациясына жумушчу сапарында жабыркагандарды барып көрүүнү тапшырды. 

«Бул окуя Россиянын аймагында иштеген биздин жарандарыбыз үчүн куугунтуктоолор жана кысым көрсөтүүлөр үчүн себеп болбошу керек. Бул кырсык. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жол кырсыгынан жабыркагандардан кечирим сурап, аларды Кыргыз Республикасына эс алууга жана реабилитациядан өтүүгө чакырууну өтүнөм. Бизде саламаттыкты калыбына келтирүү жана кызыктуу эс алуу үчүн мыкты шарттар бар. Биз жабыркагандардын учуу жана эс алуусун уюштуруу боюнча бардык чыгымдарын өзүбүзгө алууга даярбыз», — деп баса белгиледи Өкмөт башчы.

Эң көп окулган жаңылыктар