20:09
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кубанычбек Кулматовго дагы бир кылмыш иши козголду

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго дагы бир кылмыш иши козголду.Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаардык сотунда Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы каралган учурда белгилүү болду.

Мамлекеттик айыптоочунун айтымында, кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 350-346-беренелеринин («Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу», «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү») негизинде 14-июнда козголгон. УКМК бул маалыматты ырастап, толугураак маалымат берилерин билдирди.

Кубанычбек Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев жаңы ачылган кылмыш иши тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.

Бүгүн Бишкек шаардык соту Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын карап, аны 28-июнга чейин камакта калтыруу жөнүндө райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Эң көп окулган жаңылыктар