Бишкекте бир жума аралыгында 23 226 жол эрежелери бузулган

11:25, 18 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Акыркы бир жума аралыгында айдоочулар тарабынан 13 миллиондон ашуун сомго жол эрежесин бузуу фактылары катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздун камсыз кылуу башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-июндан 14-июнга чейин 23 226 жол эрежелери бузулган.

-Жол чыракка баш ийбөө — 815;

-Коопсуздук куру жок — 5410;

-Мас абалында унаа башкаруу — 160;

-Жол белгилерин сактабоо — 4422;

-Алдыңкы, эки капталындагы айнектери караңгылатылган унааларды башкаруу —73;

-Жогорку ылдамдыкта айдоо — 3059.

Ошондой эле, 672 унаа атайын айып унаа токтотуучу жайына киргизилди.

Салынган айыптын болжолдуу суммасы — 13 миллион 250 миң сомду түздү.