Беловодское айылындагы жол кырсыгында 2 айдоочу жабыркады

10:10, 18 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Москва районунун Беловодское айылында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек-Ош унаа жолунун 45-чакырымында «Range Rover» жана «Passat» үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Кесепетинен эки айдоочу жабыркады.

Кошумчалай кетсек, окуя 17-июнда болжол менен саат 14:17лер чамасында болгон.