02:08
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

4 ай аралыгында мигранттар Кыргызстанга 700 миллиондон ашуун доллар которушкан

Акыркы 4 ай аралыгында мигранттар Кыргызстанга 700 миллиондон ашуун доллар которушкан. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 85,4 миллион долларга көп.

Апрель айында өлкө аймагына 204,5 миллион доллар которулган. Анын басымдуу бөлүгү Орусиядагы мигранттарга таандык.

Ал эми Кыргызстандан чет өлкөлөргө 150 миллион доллар которулган.

Эң көп окулган жаңылыктар