Орусияда кыргызстандык жаран унаасы менен топ кишини сүздү

08:52, 18 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Москвада кыргызстандык жаран унаасы менен топ кишини сүздү деп кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка таянсак, аталган шаардын борбордук көчөүнөн мексикалык футбол күйөрмандарын такси сүзүп кеткен. Кесепетинен 8 киши жаракат алышкан.

«Таксинин айдоочусу кыргыз жараны экени айтылууда. Ал айдоочулук күбөлүктү Кыргызстандан алганын жана кырсык болгон күнү тынымсыз иштеп уктабагандыгын айткан», — деп жазылат маалыматта.