08:52, 18 июня 2018, Бишкек - 24.kg
Москвада кыргызстандык жаран унаасы менен топ кишини сүздү деп кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка таянсак, аталган шаардын борбордук көчөүнөн мексикалык футбол күйөрмандарын такси сүзүп кеткен. Кесепетинен 8 киши жаракат алышкан.
«Таксинин айдоочусу кыргыз жараны экени айтылууда. Ал айдоочулук күбөлүктү Кыргызстандан алганын жана кырсык болгон күнү тынымсыз иштеп уктабагандыгын айткан», — деп жазылат маалыматта.