Астана-Алматы каттамындагы поезд кырсыкка кабылды

08:38, 18 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Казакстандын Жамбыл облусунда Астана-Алматы каттамындагы жүргүнчү ташыган поезд кырсыкка кабылды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, поезддин 20 вагонунун ичинен алтоосу рельстен чыгып кеткен. Кесепетинен 1 өспүрүм каза болуп, 3 киши жабыркады.

Жаракат алгандар ооруканага жеткирилди.