15:24, 14 июня 2018, Бишкек - 24.kg
2017-жылы республиканын тышкы соодалык товар жүгүртүүсү 12,5 пайызга жогорулады. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Өкмөттүн 2017-жылдагы аткарган иши тууралуу отчет берип жатып билдирди.
Маалыматка ылайык, Евразиялык экономикалык аймактын өлкөлөрү менен товар жүгүртүү динамикасы өстү. Натыйжада, 2017-жылдын соңуна карата ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмүнүн жогорулашы — 27 пайызды, ал эми үчүнчү өлкөлөргө карай экспорттун жогорулашы 8,6 пайызды түздү.
Өкмөт башчынын айтымында, республикалык бюджеттин кирешеси 2016-жылга салыштырмалуу 16 пайызга жогорулап, 135 миллиард сомду түздү.