Депутат Кыргызстандагы балдар үйүн жоюну талап кылууда

15:11, 14 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Депутат Махабат Мавлянова Кыргызстандагы балдар үйүн жоюну талап кылууда. Ал тиешелүү өзгөртүүлөрдү Үй-бүлө кодексине киргизүүнү демилгелеп чыкты. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. 

Депутаттын айтымында, балдарды интернатка эмес, кабыл ала турган үй-бүлөлөргө бериш керек.

Белгилей кетсек, Батыш өлкөлөрүндө балдар үйү жоюлган.

Балдарды кабыл ала турган үй-бүлөлөр 6 миң сомдон айлык акы алышат. Ошондой эле ар бир баланын тарбияланышына кеткен чыгымга дагы 6 миң сом каралган. 2014-жылдан бери атайын окуудан балдарды кабыл ала турган 47 үй-бүлө өтүшкөн.