Премьер-министр: Акимдердин орун басарлары болуп аялдар шайланууга тийиш

14:09, 14 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңеште депутат Аида Касымалиева гендердик баланс тууралуу маселени көтөрдү. Анын айтымында, мамлекеттик кызматтарда иштеген аялдар дээрлик жокко эсе.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргендей, социалдык көйгөйлөр менен аялдар алектениши керек.

«Алар социалдык көйгөйлөрдү жакшы түшүнүшөт. Акимдердин орун басарлары аялдар болууга тийиш. Алар жаратылышынан эле чарба маселелерине жакын болушат», —деди ал.