Кемин районунда жол кырсыгынын кесепетинен 10 жаштагы бала мерт кетти

13:42, 14 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Кемин районунда жол кырсыгынын кесепетинен 10 жаштагы бала мерт кетти. Бул тууралуу ИИМдин Жол коопсуздук кыймылын көзөмөлдөө боюнча  башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек – Торугарт унаа жолунун 86-чакырымында  “Тойота Хариер” үлгүсүндөгү унаа Жаңы-Алыш айылынын 2008-жылкы жашоочусун сүзүп кеткен.

Жабыркаган бала ооруканага жетпей каза болду.