Тажик жарандары 4200 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан

12:02, 14 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы чек арачылар 4 200 тонна күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз жол менен алып өтүүгө аракет кылган тажикстандык 2 жаранды кармашты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, коңшу өлкөнүн жарандары Исхак Раззаков атындагы айылынан анча алыс эмес жерде, чек ара тилкесинен аралыктан кармалды. Алар Тажикстандын аймагына өтүп кетүүгө аракет кылышкан.

«Алардын жанында жүккө тиешелүү документтери жок болгон. Кармалгандар административдик айып пул төлөштү», — деп билдиришти аталган кызматтан.