10:48, 14 июня 2018, Бишкек - 24.kg
Казакстандын жараны Чүй облусунан баңгизаты менен кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, 11-июнда ИИМдин баңгизатты сатууга каршы күрөшүү кызматынын тартип сакчылары Аламүдүн районунда «Aуди» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Аны коңшу өлкөнүн 57 жаштагы А.С. аттуу жараны башкарып бара жаткан. Унааны тинтүү маалында 30 литрлик 14 май куюучу челектен жалпы салмагы 500 килограммды түзгөн сары түстөгү өзгөчө жыты бар суюктук табылган.
Кармалган жаран Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.