«Ата Мекен»: Башкы прокуратура саясатка аралашып, жарабаган тажрыйбаны улантууда

10:34, 14 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Башкы прокуратура № 47 түзөтүү колониясында жаза өтөп жаткан экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларына жаңы ачылган жагдайлар боюнча кылмыш ишин кайра карап чыгуудан баш тартты. Буга байланыштуу «Ата Мекен» саясий партиясы билдирүү таратышты.

Анда экс-депутаттын жактоочулары соттор тарабынан адилетсиз жана мыйзамсыз чыгарылган өкүм тууралуу 5 жүйөлүү далилдерди келтиришкендиктерине карабастан, көзөмөлдөөчү орган аларды эске албагандыгы жазылган.

«Биз Башкы прокуратуранын аракетин өлкөнүн Баш мыйзамына туура келбейт деп эсептейбиз» , -деп жазылган билдирүүдө. Алардын пикиринде, Башкы прокуратура саясатка аралашып, жарабаган тажрыйбаны улантып башаламандыкты коргоодо.