Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу Садырбаев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

10:16, 14 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу Садырбаев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 16-июндан тартып Садырбаев көчөсүнүн жогорку бөлүгү Семетей көчөсүнөн Масалиев (Түштүк магистраль) көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот.

Аталган жолго асфальт төшөлүп, жол белгилери орнотулат.

Кошумчалай кетсек, оңдоо иштери 30-октябрга чейин уланат.