Көк-Жар айылында турак үй толугу менен күйүп кетти

10:01, 14 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Октябрь районуна караштуу Көк-Жар айылында жалпы аянты 80 чарчы метр турак үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 13-июнда болгон. Өрттүн кесепетинен 63 жаштагы Н.Б. аттуу үй ээси III даражадагы күйүк алып, № 4 шаардык ооруканага жеткирилди.

Өрттүн себеби такталууда.