22:48
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Сооронбай Жээнбеков футбол боюнча 2 курама командага жан тартат

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусия жана Германиянын футбол боюнча курама командаларына жан тартат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Айтымында, мамлекет башчысы футболго кызыгат.

Эске салсак, бүгүн бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө Москвада А тобундагы биринчи мелдеш болот. Анда Орусия менен Сауд Аравиясынын курама командалары беттешет. Сооронбай Жээнбековдун спорттук иш чарага катышуусу күтүлүүдө. 

Эң көп окулган жаңылыктар