Бишкекте ысык суу мөөнөтүнөн мурда берилиши мүмкүн

09:25, 14 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте ысык суу мөөнөтүнөн мурда берилиши мүмкүн. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине «Бишкекжылуулуктармагы» ААКдан билдиришти.

Маалым болгондой, 12-июндан баштап жылуулук тармактарын суу менен толтуруу иши башталды. 15-17-июнда тармактардын тыгыздыгы сыноодон өтөт. Эгерде кемчиликтер табылбаса, энергетиктер шаарды мөөнөтүнөн мурда ысык суу менен камсыз кылышат.

Эске салсак, ысык суу берүү 21-майда токтотулган.