07:38
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Садыр Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу чечими күчүндө калтырылды

Жогорку Сот экс-депутат Садыр Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырды.

Өкүмдү угузгандан кийин Садыр Жапаровдун кичүү иниси сотторго карай жулунду, бирок соттор залдан чыгып кетүүгө араң үлгүрүштү.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы Каракол шаарында «Кумтөр» боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума